www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө парламент депутаттарынын сунушу боюнча, окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 15-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде айткан.

«Эгерде окуу жылынын башталышы 10-сентябрга жылдырылса, тийиштүү түрдө, окуу жылы 31-майга дейре узартылат. Ошол эле учурда окуу жылынын которулушу мугалимдердин сааттык жүктөмүнө жана эмгек акысына таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетем», – деген министр.

Дегеле ушул Билим берүү министрлиги тың минисрге жалчыбай койду. Алсак, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева калдайган кара "креслодо" олтура бербей, айылдарга барып, мектептердин абалы менен жакындан таанышып, окуучулардын окуу куралдарына көңүл бурса жакшы болот беле. Ачык айтып, так сүйлөгөн же кыйратып көтөргөн маселеси жок.

Эми эл көзүнө бир көрүнүп койоюн дедиби, айтор окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселесин парламент депутаттарынын сунушу боюнча Абылгазиевге айтып башын айлантты.

Ушуга окшогон, ооз ачып сүйлөй албаган “калдыр-шалдыр” министрлерди “көчүктан ары бир тээп” кызматтан айдап, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевге окшогон илим менен билимге суугарылган адамдарды кызматка алып келсек жакшы болот беле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости