www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон Төрөкулов Таласта КР Өкмөтүнүн облус жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп турган учурда элдин көзүнө көрүнө турган же оозуна алына турган бир да орчундуу жумуш аткарбастан, жалаң мурунку губернатор жолдош Дайыр Кенекеевдин тапшырмасы менен алек болуп жүрдү.

Чолпон Төрөкулов учурунда  "Ак жол" андан кийин "Ар-Намыс", "Ата-Мекен" азыркы учурда КСДПнын катарына жалаң кызмат үчүн кошулуп жүргөн. Бул принциби жок инсандын мындай жооптуу кызматта иштегенге моралдык укугу барбы? Былтыр күзүндө болуп өткөн президенттик шайлоодо дагы жердешчилик тар түшүнүктөн көтөрүлө албай, эки тарапка ойноп койгону да, эл ичинде айтылып жүрөт. Областын биринчи орун басары болуп турган кезде, 2016-жылдын 28-декабрь күнү, түнкү саат 23:00дөн кийин 00-02 ТА номериндеги Тайота-Прадо джип кызматтык авто унаасын өзү айдап бара жатып, Талас шаарында авария болгон.

Кырсыктан кийин авто унааны Талас шаарындагы токой чарбанын кампасына бекитип коюп, кийин эвакуатор менен Бишкек шаарына алып кеткен. Азыркы учурда кызматтык авто унаа кайда экени белгисиз. Аны калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес деп айтылууда. Мүмкүн болсо эмдигиче жүргүзүп койот эле да. Анткени андай кымбат баалуу талкаланган унаага бир нече авто тетиктер “списания” болуп жаткан чыгар.

Облус жетекчисинин биринчи орун басары болуп турган кезде, губернатор менен акылдашпай өзүнүн укугунан аша чаап, жолдош Кенекеевдин тапшырмасы дагы келди деп, администрациянын аппаратында Жогорку соттун чечими менен  башкы адис кызматында иштеп жаткан апрель баатыры Наралиев Төлөгөндү 8-январь 2018ж. № 1К. буйругун даярдап, мыйзамсыз бошоткон.

Себеби кадр маселесин губернатор өзү чечиш керек да. Бул кадамды биринчи орун басар Чолпон Төрөкулов укугунан аша чапты.

Ушундай кызматчынын жоопкерчилигин ким карайт? Качан мыйзам иштейт? Коррупцияга каршы иштер качан башталат же куру сөз менен алдап жүрө бересинерби? “ТАЗА КООМ” качан болот? 2010-жылы 7-апрелде өлгөн адамдардын арбагына ким жооп берет ...?!

Апрель революциясынын баатыры, 2010-жылга чейин СДПКнын Кара- Буура районунун координатору, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Төлөгөн Наралиев

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости