www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» өтө тургандыгы тууралуу маалымат таркап, митингде аялдардын укуктарын, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылышы керек эле.
Жүрүштү Жеңиш аянтында баштаган топту милиция кармап кетти. Алардын башында турган «ана» башчылары Рита Карасартова менен Алтын Капалова бар. Кармап кеткендердин катарынан калган Улан Үсөйүн кечигип келгендигин жергиликтүү ММКнын бирине айтты.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келингендигин «Азаттыкка» билдирген.
Баса, аталган митингде башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп жаңы дайындалган Рита Карасартова мамлекеттик кызматкер болуп, “фиолетовый” кол чатыр көтөрүп, кыргыз коомчулугуна жат көрүнүш болгон митингде жүргөнүнө бийлик кандай чара колдонот күтө туралы. Же, командасы ураан көтөрүп чыккандай өспүрүмдөргө, “не продавайся за цветы, завтра встанешь у плиты!”, деп насаат айтабы?
Эске сала кетсек, жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген.
Булак: NazarNews.kg