www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тартип сактоо органынын кызматкерлери кечээ Бишкек шаарындагы Свердлов райондук милициясына борбордо өткөрүүгө уруксат берилбеген митингдин катышуучулары менен уруш чыгарган беш чагымчыны алып келди. Бул тууралууу аталган шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Чагымчылдарга карата Эреже бузуулар кодексинин негизинде протокол түзүлдү. Чатактын башка катышуучуларынын кайда экендигин тактоо боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Эске сала кетсек, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген.
Анда гей парад өткөрүүгө аракет болуп, аларды калпак кийген жигиттер келип кууп салышкан. Гейлердин жүрүшүн колдоп Ширин Айтматова 2 кызын ээрчитип, Улан Үсөйүн, Алтын Капаловалар баштаган топту милиция кармап кетип, кайрадан бошоткону маалым болгон.
Булак: NazarNews.kg