www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын 4 депутаты коронавируска кабылды

Франция парламентинде 4 депутат коронавируска кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Франциянын парламентинде 4 депутат жана Улуттук ассамблеянын 2 кызматкери коронавируска кабылган. Аларга дарыгерлер анализ жүргүзгөндө, тест жыйынтыктары коронавирусту жуктуруп алгандыгын көрсөткөн.

Франциянын Саламаттыкты сактоо минитрлиги, кайсы партиянын өкүлдөрү вирус жуктуруп алгандыгы тууралуу маалымат таратты. Алардын бири "Республика" партиясынын өкүлү Жан-Люк Рейцер болсо, экинчиси "Алга! Республика" партиясынын өкүлү Элизабет Тутю-Пикар болгон. Ал эми эки депутаттын кайсы партиядан экендиги ачыкталган эмес.

Жыйынтыгында, коронавирус жуктуруп алган депутаттар менен ассамблеянын 2 кызматкери карантинге алынган.

Эске сала кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Францияда вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 209 адамга жетсе, каза болгондордун саны 19га жетти. Ал эми бул илдеттен айыккандардын саны 12ге жакындады.  

Булак:NazarNews.kg

Последние новости