www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамэкотехинпекциясынын кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруунун алкагында, 2020-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын ККК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурунда кармалышты.
Такталгандай жогорудагы аталган адамдар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча каражатын талап кылышкан.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренси (Опузалап пара алуу) боюнча кылымштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалгандар Талас облусттук ИИБ Тергөө камак жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg