www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 4-мартында Ысык-Ата районунун РИИБине аталган райондун Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринде аялдын сөөгү табылгандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Маркумдун өздүгү такталып, ал 72 жаштагы үйдүн С. Г. аттуу ээси экендиги такталган. Бул тууралуу NazarNews.kgге Чүй ОИИБинен кабарлашты.
Маалыматка караганда аялды алгач муунтуп, балта менен башына чабышкан, андан кийин аны мууздап салышкан.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр кармалып, алар 37 жаштагы У. В., 34 жаштагы Г. Л. аттуу жергиликтүү тургундар экендиги аныкталган. Шектүүлөр 2-март күнү жабырлануучунун үйүнө келип, аялдан спирттик ичимдик үчүн акча сурашкан. Бирок терс жообун алгандыктан, аны өлтүрүп коюшкан. Кылмышка шектүүлөрдүн бири- 34 жаштагы Г. Л. маркумдун тууганы болгондугу кабарланды.
Аталган факт Ысык-Ата РИИБдүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейин өндүрүш иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: NazarNews.kg