www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
V-чакырылыштын депутаты Надира Нарматова өзүнүн Фейсбук баракчасына кечээ 8-мартта болуп өткөн "Аялдардын шериктештик маршы" тууралуу билдирүү жазып чыкты.
"ЖК тез арада "Бейөкмөттөр (НПОлор) жөнүндө" - мыйзамга күчөтүлгөн тартипте, 2-окууда толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизип, күч түзүмдөрүн мыйзам менен куралдантып, көзөмөлдү күчөткөнгө шарт түзүлсүн.
Депутат Бакыт Раимкулов жетектеген, демилгечи депутаттарга колдоо көрсөтүп, бейөкмөттөрдүн ажылдаган колдоочуларына тыюуу салуу зарыл.
1. "Чет өлкөлүк агент"-деген макамды берүү жөнүндө сөзсүз мыйзамга киргизилсин.
2. Сырттан каржыланган каражаттарын жумшоо, кайдан алгандыгы жөнүндө, сөзсүз көзөмөл мыйзамда киргизилүүсү зарыл. Каражаты келбесе келбей калсын, бирок, тынчтык, тартип, мамлекеттин ички коопсуздугу сакталат. Гранты жок эле жашап, укугубуз корголуп келген. Аялдардын укугу мыйзам менен корголот. НПОлорсуз, укук коргоочусу жок ачка өлүп же тебеленип калган эч ким жок.
Мыйзамга каршы чыгыша турган болсо биротоло тыюу салып, мамлекеттин ичиндеги коомдук уюмдарды иштетиш керек. НПОлордун акчасы жок деле жашап келгенбиз. Адамдардын укугун коргоочу мамлекеттин күч түзүмдөрү бар. НПОлорсуз деле адамдардын укугу корголот. Бюджеттен каржыланып жаткан Акыйкатчы институту, кыйноолордун алдын алуу боюнча укук коргоочулар эшек такалап жатабы, адамдардын укугун коргобой. Кыргызды жамандап, проект түзүп, түрдүү акчаларды алып келип, жетимге жем таштагансып, бир аз бөлүгүн жумшап, жардам беримиш болушуп, каалаган саясатын жүргүзүп, ажылдап, мамлекетти талкалап бүтмөй болушту.
Батыштын тарбиясын алып келип, улуттук нарк, насилди булгап бүтмөй болушту.
Нарк бузулду, насил бузулду. Улуттук баалуулуктар тебеленүүдө. Эмне деген эл болдук. Бир ууч бузукулар, кыргыз элин, кыргыз аялзатынын ар намысына шек келтирүүдө. Уюштуруучуларга "Кыргыз коомчулугунда орун жок"-деген талапты коюууга милдеттүүбүз. Анткени бүгүнкү "Бейөкмөттөр (НПОлор) жөнүндө мыйзамда мыйзам чегинде чара колдонууга мүмкүн эмес. "Ажылдаган 2,3 укук коргоочумун"- деген, батыштын акчасын алгандар 2010- жылда Ош, Жалал Абадда кан төккөнгө шарт түзгөн, күнөөсү сот аркылуу аныкталып, кыргыз милициясынын өлүмүнө себепкер болуп, күнөөсү далилденген адам Азимжан Аскаровдун укугун коргоп Жогорку сотто бошотуу аракетин көрүп жаткандыктары, 10 жыл мурунку жараны күчөтүп, жабырланган адамдардын укугун эмнеге коргошпойт. Дайынсыз жоголуп 10 жылдан бери өлүк, тириги белгисиз болуп жүргөн адамдардын укугун эмнеге коргошпойт. Ошол эле укук коргоочулар Садыр Жапаровдун укугун эмнеге коргошпойт?
Дача Суудагы 39 адамдын өлүмүн, анын жакындарынын укугун, Кумтөрдөгү өлүгү табылбагандардын укугун эмнеге коргошпойт? Батыштан каржыланган укук коргоочулар, мамлекеттик бийликтерди күнөөлөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүүгө шарт түзүлгөн гана фактыларды кармап алып, укук бузулду деп ажылдап, кыйкырып чыкканга шарт боло турган фактыларды кармап алып, факт чогултушат. Ошентип, мамлекетти жаманатты кылып, проект жазып грант алышат. Ушунчалык кыргыз элинин укугун коргогусу келет экен. Улут аралык мамилелерге бир жактуу аракет кылышып, жалын тутантууга, эки элди өчөштүрүүгө шарт түзүп жатышкандыгына эмнеге тыюуу салышпайт, укук коргоо органдары.
Кыргыз аялдарынын жүрүм, турум эрежелерине шек келтиришип, элдин кыжырын кайнатып, өчөштүрүп, баш аламандык орундук орнотууга шарт түзгөндүк деп эсептегенге негиз түзүп жатышат. Демократия, сөз эркиндиги мындай болбойт. Ал аз келгенсип, бул жактан аялдардын укугун коргойбуз деген шылтоо менен уятсыз, тарбиясыз аракеттерди жасап, гейлердин парадын өткөрүүгө аракет жасап, улуттук тарбиянын түпкүрүнө шек келтиришүүдө.
Жакында күн тартибине киргизилип, ЖКте каралган "Бейөкмөттөр (НПОлор) жөнүндө" - мыйзамдын биринчи окууда каралган тартипте каршы добуш берген төмөнкү 9 депутатка, катышып туруп, добуш бербей койгон, калыстыкты көрсөткөн 11 депутатка "Кыргыздын чет өлкөлүк агенттери "-деген, макамды кошо берип, ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө чакырамын. Алар батыштын тарбиясына сугарылган депутаттар болуп эсептелет.
Калп эле ЖКте отуруп алып, өздөрүн пиар кылып, куру убада сөздөрдү сүйлөшүп, сайраганына ишенбегиле. ЖКтин трибунасын кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы пайдаланышууда деп эсептеймин." - дейт экс-депутат Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg