www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-мартта Япониядагы “Diamond Princess” круиздик кемесиндеги кыргызстандык жаран Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал обсервацияга жаткырылды, абалы канааттандырарлык. Коронавируска анализ алынды. Иш-аракеттер алгоритмине ылайык, эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдөн келген Кыргызстандын жарандары 14 күн карантинге жаткырылат.

“Кыргызстандын аталган жараны 15-февралда Токиодогу аскер госпиталына жаткырылып, 29-февралга чейин көзөмөлдө болду. Андан бир нече жолу коронавируска анализ алынып, оору аныкталган жок. 29-февралда ооруканадан чыгарылган, ден соолугу жакшы”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык жаранга ооруканадан медициналык сертификат берилген. Акыркы тесттердин жыйынтыгында андан коронавирус оорусу аныкталган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталганын 28-февралда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкектеги маалымат жыйында билдирген болчу. Анын айтымында, 26-февралда кечинде кыргызстандык жарандан оорунун жеңил түрү тастыкталган.

“Diamond Princess” кемесиндеги кыргызстандык жаран жүргүнчү эмес, экипаждын мүчөсү болчу. Кемеде жалпы 3,5 миңдей адам (2,5 миңдей турист, экипаждын 1,5 миңдей мүчөсү) болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости