www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде биз туризмдин келечегин ойлосок, Ысык-Көл жана Баткен сындуу алыскы аймактарда чет өлкөлүк жарандар үчүн казинолорду ачып, ал эми кумар оюунуна кыргыз жарандарын киргизген казинолорго 50-100 миң долларга чейин айыппул салуу керек. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бинордук тооруктарга кумар оюну катары тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутат Марлен Маматалиев мындай сунушту колдой турганын белгилөө менен бирге, мыйзамдын өзүндө минтип жазууга болбой турганын, анын үстүндө Экономика министрлиги ырааттуу иш алпарууга тийиш экенин айтты.

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири депутат Төрөбай Зулпукаров 2011-жылдан бери бир кумар оюну жабылса, экинчиси пайда болуп келатканын эске салып, дегеле казино ачууга каршы оюн билдирди. “Казинону кайра ачуунун жаманаттысы парламентке калат. Мурда дагы ушундай аркеттер болгон, депутаттар тобунун ктуу каршылыгы менен араң токтотулган”, - деп, ал өз кесиптештерин кайрадан казино ачуу идеясынан баш тартууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости