www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинде “54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасы” жана “IchO-2020” олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү министрлик тарабынан баалуу белектер менен сыйланды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-2020-окуу жылында Кыргыз Республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында пилоттук түрдө альтернативдүү олимпиада өткөрүлгөн.

Олимпиаданын негизги максаттары болуп:

1. Физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн талапкерлерди тандоо жана даярдоо;

2. Өзгөчө зээндүү окуучуларды аныктоо жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү;

3. Окуучулардын табигый-математикалык циклдеги предметтерди терең өздөштүрүү боюнча окууга умтулуусунун жана кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;

4. Окуучуларда критикалык талдоо көндүмдөрүнүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн баалоо жөндөмдөрүнүн өнүгүүсүнө жана жеке билиминин келечектеги жолун аныктоого көмөктөшүү;

5. Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдоочу жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана шыктандыруу эсептелет.

Олимпиаданын 1- жана 2-баскычтары онлайн режимде, ал эми 3-баскыч салттык режимде болуп өткөн.

Пандемияга байланыштуу жыйынтыктоочу 4-баскыч болгон эмес, ошондуктан 3-баскыч жыйынтыктоочу деп саналган.

Химия боюнча 3-баскычта эң жогорку баллга ээ болгон 20 окуучудан Эл аралык олимпиаданын уюштуруучулары тарабынан аныкталган квоталарга ылайык 3 окуучу катышып, төмөнкү жыйынтыктарга ээ болушту:

54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасы

2020-жылдын 13-18-июлунда мектеп окуучуларынын 54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасы онлайн болуп өттү.

Ага Кыргызстандын мектеп окуучуларынан 4 окуучу катышты. Жыйынтыгында команда үч медаль (бир күмүш, эки коло) алды:

1. Соодонбеков Нурсултан – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (күмүш);

2. Кубанычбек Камиль – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (коло);

3. Мамбетов Камил – Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу (коло).

54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасына мектеп окуучуларын даярдоо, онлайн өткөрүүнү камсыздоону команданын башкы жетекчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, Боркоев Б.М., жетекчилери, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Салиева К.Т. жана Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химия мугалими Айтиев Мунарбек, ишке ашырышты.

52-Эл аралык химия онлайн олимпиада (IChO-2020)

2020-жылдын 23-30-июлунда мектеп окуучуларынын 52-Эл аралык химия олимпиадасы (IChO-2020) онлайн болуп өткөн. Олимпиадага 68 өлкөнүн командалары жана Кыргызстандан 4 мектеп окуучусу катышкан. Жыйынтыгында команда үч медаль (бир күмүш, эки коло) алды:

1. Кубанычбек Камиль – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (күмүш);

2. Соодонбеков Нурсултан – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (коло);

3. Мамбетов Камил – Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу (коло).

52-Эл аралык химия олимпиадасына (IChO-2020) мектеп окуучуларын даярдоо, онлайн өткөрүүнү камсыздоону команданын башкы жетекчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, Боркоев Б.М., жетекчилери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Салиева К.Т., Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химиядан мугалими Айтиев Мунарбек жана Эл аралык медицина университетинин химиядан мугалими Самаркулов Альмир ишке ашырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости