www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-ноябрда коңшу мамлекеттен Кыргызстанга тез курулуучу 400 орундук бейтапкана жеткирилди. Аны КР Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов башында турган делегация тосуп алды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Калысбек Шадыханов: “Өзбекстандын Өкмөтү темир жол аркылуу жиберген ыкчам курулуучу көчмө бейтапкананы кабыл алдык. Ал 400 орунга ылайыкташтырылган 80 контейнерден турат. Сыйымдуулугу 200 орундуу 40 модулдук курулма Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын короосуна жайгаштырылат. Дагы 200 орунга ылайыкташтырылган 40 модулдук курулма Баткен облусуна салынат. Анткени аталган эки аймакта эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда”.

Калысбек Шадыханов жеңил конструкциядагы ооруканалар эки жуманын ичинде колдонууга берилерин кошумчалады.

Ал арада Баткен облусунда жаңы оорукананын курулушу башталганы жатат. Ал үчүн, модулдук курулмаларды (контейнер) алып келген, “Өзбекстан темир жолдору” ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов баштаган делегацияны, Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетинен, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тосуп алган.

Ооруканага ыңгайлашкан 40 контейнер темир жол аркылуу облуска келип түшкөн. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулат. Учурда оорукананын ордун даярдоо иштери башталган.

Бишкек шаарындагы жана Баткен облусундагы жеңил конструкциядагы ооруканалар керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Ал эми бейтаптарды дарылоодо, Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, баткендик, бишкектик кесиптештери менен тажрыйба алмашышы күтүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости