www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча чечимине ылайык, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланды.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын жетекчилери бул буйрукту окуучуларга, студенттерге жана алардын ата-энелерине жеткирүүгө милдеттендирилди.

Алар ошондой эле окуу каналарында, аудиторияларда, жатаканаларда, коомдук жайларда санитардык тазалоону, каникул учурунда педагогикалык кызматкерлердин окуу-усулдук иштерин уюштурат.

Мөөнөтүнөн мурда каникул убагында жогоруда аталган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын ректорлору каникул мезгилинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн окуу процессин дистанттык окутуу технологияларын колдонуп жүргүзүү жагын караштырууга милдеттендирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости