www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, суу майды, кумшекерди адаттагыдан көп сатып алууда. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү облустардагы базарларды, дүкөндөрдү кыдырып, элдин жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Нарын шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Нарында бир кап ундун баасы 1450 сомдон 1800 сомго чейин, суу майдын 1 литри 80 сомдон сатылууда. Облуста 80 тоннадан ашык ун, 30 тонна суу майдын кору бар.

Баткен облусунда бир кап ун 1600-1700 сомдон сатылууда. Орточо эсеп менен алганда ундун баасы 150 сомдон 300 сомго чейин кымбаттады.

Ал эми Ысык-Көлдө Каракол шаарынан чыккан ундун бир кабы мурда 1200 сомдон сатылса, ушу тапта 1450-1500 сомго чейин сатылууда. Казакстандан алып келинген ундар буга чейин 1400 сом болсо, азыр 1800 сомдон сатылууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Ош шаарындагы ун комбинатында 1-сорт ундун бир мүшөгү 1350 сомдон сатылууда. Бааны себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Ун комбинатка 300 тонна ун, 1000 тонна буудай келатат. Ундун запасы жетиштүү» деди.

Ошто айрым соодогерлер комбинаттан бир кап унду 1350 сомдон алып, 1800 сомго чейин өз алдынча баа коюп сатып жатканы белгилүү болду.

Жалал-Абад облусунда да ундун баасы көтөрүлдү. Адамдар ун сатып алыш үчүн базарларда узун кезекке туруп калышты. Бир кишиге бир мүшөктөн ашык ун сатылбай жатат. Баасы 1300 сомдон 1800 сомго чейин болууда.

Бишкек шаарында бир кап ун 1450 сомдон, 2000 сомго чейин сатылып жатат.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров ун 250 сомдон 400 сомго чейин кымбаттап кеткенин билдирген.

Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын негизсиз жана атайылап көтөргөндөргө мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертип жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости