www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чет жерде жашаган мекендештердин жана боордош элдердин иши боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Сейит Юсуф менен жолугушту. Андан тышкары жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат катышты.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков кыргызстандык студенттердин Түркияда сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттарга байланыштуу ыраазычылык билдирип: “Эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын алкагында эки миңдей кыргызстандык студент Түркиянын жогорку окуу жайларынан мамлекеттик стипендиянын негизинде билим алышты”, – деди.

Өз кезегинде Сейит Юсуф Кыргызстанга Түркиянын стипендиялык программаларын тааныштыруу максатында атайын иш сапары менен келгенин маалымдады. “Биздин башкы максатыбыз – чет өлкөлүк студенттерге татыктуу билим берүү. Андыктан, кыргыз элине кызмат кыла турган мыкты студенттерге жогорку билим берүүгө кызыкдарбыз”, – деп кошумчалады Сейит Юсуф.

Ал эми Төрага аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарынын окуусу үчүн кошумча орундарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштап, орундардын санынын көбөйүшү эки элдин алакасын арттырууга өбөлгө болорун белгиледи. Мындан сырткары жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүнүн атынан коронавирус пандемиясы маалында кыргыз элине көрсөткөн көмөгү үчүн Түркия мамлекетине ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости