www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан элибиз кор болуп турганына карабай шайлоо марафону  башталды.  Айылдарга, жаңы конуштарга интернет жабдыктарын киргизип жатат, бирок ар бир үйгө кошуу үчүн 5000, 6000 ден төлөө керек болуп жатат. Негизи булар ар бир үйгө киргизип интернетти товарын сунуш кылыш керек эле, тилекке каршы андай болбой 5000, 6000 ден төлөмөйүн кошпой жатышат. Булар элдин канын соруп жатат. Шайлоо өткөзө турган вице-премьер -министр Акрам Мадумаров башында турган комиссия  бул тууралуу териштирип, шайлоо алдында ар бир үйгө бекер киргизүүнү, бир ай боюу бекер интернет пайдалануунун, ай сайын көрсөткөн кызматына ылайык акы алууну тартипке салуу керек. Ансыз айыл эли интернет кызматын пайдалана алышпайт.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүгө жана шайлоону өткөрүүдө материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.   Бир нече күн мурда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны болгон, анда парламенттик шайлоого даярдык көрүү маселеси каралган.

Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгында шайлоо процессин өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына сунуштамалар топтомун камтыган чечимге кол коюлган. Айтылган пункттар сапаттуу, өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылууга тийиш. 2020-жылдын 10-сентябрына чейин ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү маанилүү пункттардын бири болуп саналат.

  2020-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо комиссияларынын кызматкерлери, процесске тартылган жана башка адамдардын, добуш берүүчүлөрдүн коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине кабылышын алдын алуу боюнча  план иштеп чыгып, бекитүү керектигин айтып, шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай жүргүзүлүшүн камсыз кылуунун зарылдыгын кошумчалады. 

 Мына коронавирус менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасы:

1-Шайлдабекова Нуржан Кармабековна төрайымы.

2-Бегматов Абдыжапар Гапырович –орун басары; 

3-Эшимов Акылбек Жусупович

4-Тынчтыкбек Шайназаров

5-Асаналиев Алмаз Турдакунович

6-Баатырова Гулнара Маришовна

7-Джилкичиева Елена Джусупова

8-Джурабаева Гульнар Курашбековна

9-Сатыгулов Адилет Сатыгулович (Чет мамлекетке качкан СДПКнын бухгалтери Надира Сатыгул кызынын уулу).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости