www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Анда Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа менен ХОВО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, каза болгондор Атай айылынан Казарман айылына батага бара жатышкан.

"Жеңил унаада айдоочу менен кошо 8 адам (2 эркек, 5 аял жана 4-5 жаш чамасындагы бала) бара жаткан. Анда аялы менен күйөөсү, калгандары кошуналары болгон. Алдын ала маалымат боюнча, оор жүк ташуучу унаа экинчи тилкеден негизги жолго чыгып кеткен. Учурда тиешелүү кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерде иш алып барууда", - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы айдоочуларга кайрылат: Жол кыймылынын эрежелеринин так сактоого жана транспорт каражатын башкарууда этият болууга чакырабыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости