www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш депутаттары Д. Бекешев, А.Самигуллина, Е.Строкова, М.Аманкулов, Э.Сурабалдиева, М. Айнакулов, Р. Момбеков, К.Иманалиев, С. Шер-Нияз, Ж.Акаев тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр бүгүн, 15-майда Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин олтурумунда талкууланды.
Баяндама жасаган депутат Евгения Строкова мектептерди 5 күндүк окуу күнүнө өткөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, долбоорду иштеп чыгууда чет өлкөлүк программалардын тажрыйбасы каралган жана бул мектептердин окутуу программасына зыянын тийгизбейт.
Билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева, сунушту колдоорун айтып, азыркы учурда пилоттук долбоор катары айрым окуу жайлар иштеп жатканын билдирди. Ал курамды 30 сааттан ашпаган программа менен окуган мектептер түзөт. Бирок, бул өзгөртүүлөр гимназия жана лицейлерге багытталган эмес, себеби алардын программасында айырмачылыктар бар,- дейт министр.
Депутат Алмазбек Токторов, окуу күндөрүн кыскартуудан мурда, билимдин сапатына көңүл буруу зарыл экендигин билдирди. Шаар жергесинде, окуу жайлардын сапаты жакшырганы менен, айылдарда сапатынын көрсөткүчтөрү төмөн.
Ошондой эле депутат Тазабек Икрамов, - 5 күндүк окуу программасына өткөнү менен сабактардын сааттары узараарын айтты. Мындай учурда, 3 нөөмөт менен окуган мектептердин окуучуларына кыш мезгилинде кыйынчылык жаралышы мүмкүн экендигин эске алууну сунуштады.
Булак: "kenesh.kg"