www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-майда, БШК “Маалыматтык шайлоо системасы тууралуу” жобону бекитти. Көпчүлүк добуш менен жобо кабыл алынды. БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова гана жалгыз ага каршы добуш берди. Аны Атыр айым мындай деп түшүндүрдү:

- Маалыматтык шайлоо системасы бул шайлоо күнү сайт аркылуу баарыңар көрүп турган добуш берүү тууралуу маалыматтар. Бул маалыматтар кантип түшөт, качан түшөт, эгер кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүк болсо же сырттан кийлигишүү болсо, ошондо кандай чара көрүлүп, кандай жол-жобо аткарылат деген нерсе. Ар бир шайлоо тилкесинен келе турган добуштардын жыйынтыктары үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши боюнча коомчулукта көп талкуу болуп жатат. Анткени ошол системанын иштеши коомчулукта ишенбестик да жаратып жатат. Жободо бардык жол-жобо так, даана көрсөтүлүшү керек. Бул жерде техникалык терминдер абдан көп колдонулган. Жобо укуктук-ченемдик акт катары биздин сайтка илинет. Кызыккан ар бир адам алып караганда ошол адамга баары түшүнүктүү болушу керек. Эгер ачып карап техникалык терминдерди эле көрсө, өзүнө керектүү жол-жобосу, тартиби тууралуу маалыматты таппаса, анда бул системага кайра эле ишенбестик жаралат.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости