www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдар биздин келечегибиз, аларга татыктуу билим берсек Кыргызстан алдыга суурулуп чыгат. Атамбаевдин  министри Гүлмира Кудайбердиева окуучулардын китебин бизде басма калбай калгансып Индияда бастырып келгени менен, ката бастырган. Жээнбековдун министри Каныбек Исаков келе элек жатып өз жакыны студенттик скамейкадан жаңы келген мугалим кызга отуз-кырк жылдап, балдардын сасыгын жыттаса да, билим кенин берип жүрсө да жетпей жүргөн “Эл агартуу отличнигин” берип койгон.

Эмки жаңы дайындалган Алмаз Бейшеналиев деле оңуп кетпептир. Түркия менен Атамбаевке окшоп тирешпей сөз табыш керек эле. Демирель деген Түркия президенти болгон, Кыргыз жергесине келип: “Кыргыздар 6 миллион эмес, биздин түрктөрдү кошкондо 60 миллиондон ашат” деп дүйнөгө жар салган. Учурда түрк боордошторбуз менен алака кылуунун ордуна Алмаз Бейшеналиевди көтөрмөлөп жатабыз. Ал Түркияда азыркы бийлик башчысы Эрдоган тарабынан террордук уюм деп табылган Гюлен диний агымынын Кыргызстандагы көрүнүктүү жетекчилеринин бири. Аны Садыр Жапаров министр кылып чоң жаңылыштык кетирди. Себеби Түркия менен Кыргызстандын ортосунда билим берүү жаатында эң чоң долбоорлор бар. Кыргызстан-Түркия окуу жайларынын ортосунда Мевлана сыяктуу ири долбоорлор ишке ашып келген. Миңдеген кыргыз жаштары Түркияда акысыз окуп келишчү. Андан сырткары Түркия өкмөтү тарабынан толук каржыланган Кыргыз-Түрк Манас университети да ушул өлкөнүн колдоосу менен иштеп келет. Тика сыяктуу уюмдардан келип жаткан млндогон каражаттар сарпталган долбоорлор токтойт. Түркия Кыргызстанга эшигин жабат. Өлкөбүз эл аралык катнашта чоң соккуга кабылат. Эми бакыйган министрликке Гюлен агымынын кишисин министр кылганыбыз үчүн Түркия бизге тескери жүзүн бурбайт деп ким кепилдик берет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости