www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөттүн аппаратына өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандырууну сунуштап кат жөнөттү. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, кинотеатрлардын иши 17-мартта токтотулуп, болжол менен 8 айдан бери ири финансылык жоготууларга учураган.

"Кинотеатрлар имараттарды кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгил үчүн жарым-жартылай эмгек акыларын төлөп келүүдө. Имаратты узак мөөнөткө ижарага алгандар да бар. Апрель айынан бери кинотеатрлардын 1000ге жакын кызматкерине эмгек акы төлөнө элек. Бул алардын үй-бүлөсүнүн материалдык абалына таасир берип, башка жумуш издөөгө мажбурлап жатат. Бул кино тейлөө чөйрөсүндө квалификациялуу кадрлардын жоголушуна алып келүүдө", — деп жүйө келтирген министр.

Ошондой эле Кадырбеков тасмаларды ижарага алуу жана сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер да бар экенин кошумчалады.

Буга кошо Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыкканы айтылат.

Соңунда министрлик 2019-жылы республиканын кинотеатрлары өлкө бюджетине 100 миллион сом пайда келтиргенин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости