www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жубайы менен ажырашкандан кийин эң бай адамдардын тизмесинен бешинчи орунга түшүп калды. Бул тууралуу Forbes билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, учурда анын байлыгы 129,6 миллиард долларга бааланат. Төртүнчү сапты Гейтстин ордуна Facebook тармагынын түзүүчүсү Марк Цукерберг (130,3 миллиард доллар) ээледи.

Билл менен Мелинда Гейтстер августтун башында расмий түрдө эки ажырым жолго түшүшкөн. Мелинданын кирешеси 5,7 миллиард долларга көбөйүп, мурдагы жолдошунун компаниясынан бир топ активдерге ээ болгон.

Американын Microsoft компаниясын 1975-жылы Билл Гейтс менен Пол Аллен негиздеген. Штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан. Компания программалык камсыздоолорду иштеп чыгат. Анын ичинде Windows операциялык системасын түзгөн.

Рейтингдин сап башында Louis Vuitton Moët Hennessy тобунун президенти Бернар Арно, экинчиде Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, үчүнчүдө Tesla жана Space X компанияларын негиздеген Илон Маск турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости