www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык миллиардер жана коомдук ишмер, «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс «NBC» телеканалына маек берип жатып, адамзат канткенде коронавирусту жеңери тууралуу ой-пикирин билдирди.

Анын айтымында, адаттагыдай жашоого кайтып келүүнүн бир гана шарты бар – ал коронавирустан эмдөө.

«Адамдардын нормалдуу жашоого кайтып келишинин жалгыз жолу – аябай эффективдүү жана жеткиликтүү вакцина ойлоп табуу», - деген Билл Гейтс.

Ал массалык эмдөө коронавирустун жайылышына бөгөт коюп, илдетти дүйнөлүк масштабда жок кылууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости