www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилек Токтогазиев «Ата-Мекен» партиясын колдоп шайлоо алдында гана эл алдына чыкты.Балким артында турган күчтөргө таянып, өкмөт башчысын алганга умтулгандыр. Бирок ал Кыргызстанда башкы нерсе тынчтык экенин түшүнүп турабы же жеке амбиция күчтүүбү? Пандемия учурунда Тилек Токтогазиевге жардам сурап чалганына өкүнгөнүн айтып, айылдашы Азиза Абдрасулова Фейсбук баракчасына минтип жазыптыр.

"Тилек Токтогазиев деген жигит тууралуу көп нерсе айтылып жатат. Бирөө билип айтат, бирөө билбей айтат. Мен билгеними айтайын. Ал жигит биздин Кырман айылында жашайт. Июль айында, карантин күчөп турганда биздин айылда оору күчөп кетти.  ФАП жабылып, медиктерибиз бүтүндөй обсервацияга кетишип, укол, капельница жасаганга медик жок айлабыз куруду. Срочно стационар ачыш керек деп чечтик. Мечитибиздин имамы мечитти бошотуп берди. Бирок, көп нерсе жетишпей, защитный средстволарга муктаж болдук. Ошол кезде, Тилек Токтогазиев тияк-биякка жардам берип жатканын угуп, атайын байланышсам "Уктап жаттым эле" деп койду. Кийин кайра чалдым. "Алло" деп өчүрүп койду. Үмүтүм үзүлбөй кайра чалсам жакшылаап бир жакка жиберип койду. Ушундай.  Үмут кылып, айылдашыбыз деп улуу башымды кичүү кылып  чалганыма өкүнөм. Бирок, жакшы адамдар бар экен. Эмиль, Евраз, Сейтек, Мирлан, Гулзана деген уул - кыздарыбыз колдон келген жардамын беришип, айыл эли үйүмө акча жыйнашып, алыскы Прагада жашаган бир журналист балабыз жардамын жиберип айыл элибизди сактап калдык. 

Жаман көрбөгүлө. Болгон чындык".Азиза Абдырасулова.

:Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости