www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир адамдан бир китеп” долбоору КМШнын сыйлыгына татыды

“Бир адамдан бир китеп” долбоору жана анын негиздөөчүсү Бакай Акылбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин “Содружество дебютов” сыйлыгы менен сыйланды.

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун жыл жыйынтыгы боюнча “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков “Содружество дебютов” номинациясы боюнча эл аралык сыйлыгына ээ болду. Бул сыйлыкты Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков тапшырды.

Аталган долбоорду 2019-жылдын февраль айында жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу негиздеген. Азыркы тапта долбоордун алкагында айыл жерлеринде, аскер-бөлүктөрүндө, мектеп-медресе, жатакана жана орууканаларда жалпысанан 166 китепкана ачылган. Мындан сырткары 130 миңден ашуун китеп чогулуп, анын орточо эсеп баасы 30 миллион сомду түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости