www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев да Жапаров менен биригеби?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт башчылык милдетин убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

“Бүгүн мен Садыр Жапаров менен жолуктум. Жолугушуу конструктивдүү жана позитивдүү мааанайда өттү. Биз аны менен ар кандай саясий темаларды талкууладык, 2012-жылдагы окуяларга токтолуп, конституциялык реформа жана башкаруу формасы жөнүндө сүйлөштүк.

Мен парламентаризм жөнүндө сөз кылып, парламенттик башкарууда премьер-министрдин жоопкерчилигин күчөтүп, ыйгарым укуктарын кеңейтсе болорун айттым.

Жапаровдун айтымында, президенттик башкаруу формасы боюнча аргументтерди келтирип, партиялар жоопкерчиликти толугу менен алууга азырынча даяр эмес.

Ошол эле учурда ал жеңилдетилген добуш берүүнү киргизүүгө башкача айтканда, жаран партиянын тизмесиндеги талапкерге добуш беришине макул экенин кошумчалады.

Президенттик башкаруу менен кетсе дагы бир жолу революция болуп кетиши мүмкүн экенин айттым. Жапаров хандык же диктатордук башкарууну каалабай турганын, балдары тоталитардык өлкөдө жашашына каршы экенин айтууда. Бирок ал парламенттик башкаруу менен ишке ашыруу кыйын болгон реформаларды жүргүзүүгө чоң каалоосу бар экен. Өлкөнү башкаруу формасы боюнча, өз пикирибизде эле калдык.

Өз кезегинде Садыр Жапаров президенттик шайлоо таза жана өч кандай добуш сатып алуу болбой турганын убадалады.

Ошондой эле Конституциялык реформа жөнүндө сөз болуп, мен анын айынан коом экиге бөлүнүп кеткенин баса белгилеп кеттим. Буга Жапаров бардык сунуштар конституциялык кеңешмеге берилерин, ал мамлекетке пайдалуу болсо, Башмыйзамга киргизилерин билдирди.

Конституциялык кеңешме президенттик шайлоодон кийин да ишин улантат. Бирок Жапаровдун пикиринде, эл башкаруу формасын жана парламентти түзүүнүн жолун аныктап алышы керек. Жапаров экөөбүздүн өлкөнүн өнүгүшү боюнча максатыбыз бир экенин, бирок көз караштарыбыз ар башка экенин көрдүк. Позициялардын айырмачылыгы чыр-чатакка алып келбеши керек. Макулдашууну бардык жерден табууга болот. Жапаров мени менен ачык сүйлөшкөндөй таасир калды”, - дейт Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости