www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Базар-Коргон районунун эли менен жолугушууда партия айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн, IT тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн жана инновацияларды колдонууга көңүл бура турганын баса белгиледи.

“Айыл чарба министрлигинин милдеттеринин бири- инновациялык изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жана иштетүүчүлөрдүн муктаждыктарына жараша, ошондой эле жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга жараша аныктоо, илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк практикага киргизүү болуп эсептелет. Айыл чарба тармагына инновация киргизүү менен иштин сапаты артып, убакыт үнөмдөлөт. Муну менен катар автоматташтырылган программа жумушчулардын санын кыскартууга шарт түзөт”, - деди А.Сулайманов. 

Ал Кыргызстан ички рынокту жергиликтүү органикалык тамак-аш азыктары менен камсыз кыла ала турган өлкө деп атады. Ошондой эле өлкө калкынын 65%га жакыны элетте жашай тургандыгын, мындан улам айыл чарба тармагына басым жасоо зарылдыгын баса белгиледи. 

“Өлкө аймагынын 50%дан ашыгы айыл чарба жерлери. Айыл чарба тармагында өндүрүмдүүлүктүн жогорулашы айыл жеринде кирешелердин өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Бул жакырчылыктын азайышына жана элет калкынын жашоо-турмушунун жакшырышына өбөлгө”, - деди ал.

Кошумчалай кетсек, “Бир Бол” партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда уланды. Анда партия лидери Алтынбек Сулайманов талапкерлер Акбалык Жумалиева, Бакыт Карапашов, Нурбек Мурашев, Алмазбек Сагындыков, Эсен Казакенов, Тынарбек Алимбеков жана Нурмухамед Мамбеталиев эл менен жолугушуп, үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.

Последние новости