www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын адвокаттары Грециянын Demokratiya гезитин өлкө президентин кемсинткен макала жарыялаганы үчүн сотко берди. Бул тууралуу Yeni Safak гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Demokratiya гезитинин биринчи бети түрк тилинде чоң тамгалар менен Эрдоганга карата акарат сөздөрдү жарыялады. Түрк тилин билбегендер үчүн бул сөздөрдүн англисче котормосу берилди.

«Гезитте биздин президенттин урматына колдонулган сөздөр эң төмөнкү адеп-ахлактуулукту көрсөтөт», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Бул боюнча, Грециянын Анкарадагы элчиси Михаил-Христос Димессис жума күнү Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Ал ошондой эле кемсинтүүнү сөз эркиндиги менен актоого болбой тургандыгын баса белгиледи.

Жергиликтүү маалыматтар боюнча, Греция өкмөтүнүн өкүлү Стелиос Петсас редакцияны айыптады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости