www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Беларустагы акция катышуучуларын куугунтуктоого катышы бар аткаминерлерге каршы санкция киргизүүгө макулдаша алышкан жок.
The EU's credibility is at stake after European foreign ministers failed to agree on sanctions against Belarus, Josep Borrell said on Monday.https://t.co/5ig2my4IZY pic.twitter.com/kb8iEWEMQU
— euronews (@euronews) September 21, 2020
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель уюмга мүчө 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун жыйынтыктап жатып, Кипрдин позициясынан улам консенсуска келүү мүмкүн болбой калганын айтты.
Ошондой эле, Жозеп Боррель ЕБ Беларустун ички ишине кийлигишпей турганын, бирок Евробиримдик өлкөдө диалогдун башталышына жардам берүүгө дилгир экенин кошумчалады. Эл аралык фрнацуз радиосу Боррель шаркет Беларуста өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жана Александр Лукашенконун президенттигинин легитимдүүлүгүн тааныбай турганын ишара кылганын кабарлады.
Буга кошо ТАСС менен AFP агенттиктери санкция киргизүүгө Кипрдин позициясы тоскоол болгонун, бул өлкө Лукашенконун режими менен катар Жер ортолук деңиздеги кен издөө аракеттери үчүн Түркияга да санкция киргизүүнү талап кылып жатканын жазышты.
Ал эми Кипрдин ТИМ башчысы Никос Христодулидис адам укуктарынын бузулушуна карата Евробиримдиктин позициясы бардык өлкөлөргө бирдей болушу керек экенин билдирди.
Эске сала кетсек, Санкция боюнча акыркы чечим 24-сентябрда Евробиримдиктин саммитинде кабыл алынат.
Булак: NazarNews.kg