www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” партиясы ар бир региондун өзгөчөлүгүн эске алуу менен инвестициялык долбоор сунуштайт.

Долбоордо 2025-жылга чейин:

 -“Doing Business” рейтингинде Кыргызстанды эң алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү;  

-Чакан жана орто бизнеске стимул берүү менен мыйзамдарды либералдаштыруу жана республикалык бюджеттин дефицитин 3%га чейин төмөндөтүү;  

-Чакан жана орто бизнестин өлкө экономикасынан алган үлүшүн 80%га чейин көтөрүү; 

-Ишкерлердин сунуштарын эске алуу менен жөнгө салуучу жана көзөмөл органдардын функциясын оптималдаштыруу; 

-Ишкерлик үчүн тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик тейлөө кызматтардын бир бөлүгүн аутсорсингге берүү; 

-Ишкерликке байланыштуу нормативдик укуктук актыларды бириктирүү;

-Ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүп, алардын товарларын экспорттоо үчүн стимул берүүчү механизмдерди кеңейтүү; 

-Жергиликтүү жана эл аралык компанияларды тартуу менен өлкө экономикасынын аудитин жүргүзүү каралган.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 17- сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости