www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери Зафар Айдаров сабалганы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу журналисттерге партиянын өкүлү Элнура Алканова билдирди.

«Азыркы учурда Айдаров шайлоочулар менен Кара-Сууда жолугушууда жүрөт экен. Андай маалыматтар (сабалды деген) жалган. Таптакыр андай нерсе болгон жок», – деди Алканова.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы да талапкердин сабалышы боюнча эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн билдирди.

Эске сала кетсек, 15-сентябрь күнү Кудрет Тайчабаров аттуу «Фейсбук» колдонуучу “Ошто Зафар 10 чакты баласы менен сабалды”  деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости