www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Алтынбек Турудбаевич, сиз жалаң “бакиевдерчилерди” чогултуп, алардын башьн кошуп, чачырабай бир бололу деген идея менен «Бир Бол» партиясын түздүңүз, чынбы. Максатыңыз ишке ашып, акчанын күчүнө салып Жогорку Кеңешке «Бир Болду» сүйрөп келдиңиз. Албетте, муну сиздин ийгилик катары бааласа болот. Анткени аштан-көчтөн калган, коомго жек көрүндү болгондордз бир муштумга бириктирип, шайлоодо утуп келүү оңойго турган жок. Сыр болбосо шайлоодо канча миллион доллар жумшадыңыз эле? «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Аскар Шадиев, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов коррупцияга шектелип кылмыи иши козголгон. Игорь Чудиновго соттун чечими чыгып, мандатынан ажырады. Өңчөг коррупционер атыккандар менен иштешкен кандай экен?
Сизге өз тажрыйбаларын үй рөтүштүбү? «Бир Бол» коррупционерлердин партиясы турбайбы деген эл арасындагы сөздөрдү уктуңузбу? Уксаңыз кандай кабьи алдыңыз? Эми мындан ары «Бир Бол» шек түүлөрдүн башын бириктирип көчүн улан табы же кийинки шайлоодо сайда саны жок кумда изи жок калабы? Фракцияны кандай жол менен башкарып жатасыз? Акыл менен би же муштум мененби? Депутаттарды кыңк эттирбей кармаш үчүн кайсы ыкма ыңгайлуу экен? Мамлекеттик иште тажрыйбасы жок, кесиби географ, Ош мэриясынын дене тарбия тармагын тейлеген Замирбек Аскаровду өкмөттүн инвестиция тартуу жана экономика боюнча вице-премьер кылдыңыз. Жооптуу кызматты тартып кете алабы деген ой келген жокпу? Же сиздин алаканды ысытып ыраазы кылдыбы? Сизди түштүктөгү трассаны көзөмөлдөйт деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгер чын болсо, бир жылда канча миллионго капчыгыңыз кампаят? Жалган болсо мындай сөздөр кайдан илээшип жүрөт деп ойлойсуз?
Булак: “Фабула”