www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Cаламатсызбы Ялчын Топчу мырза, Кыргызстанга кош келипсиз, Түркия кезектеги президенттик жана парламенттик шайлоосун өткөрүп, жыйынтыгында калк өз каалоосундагы президенти Режеп Тайип Эрдоганды президент кылып кайрадан шайлап алды. Алгач, президенттик шайлоо тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаймын. Түркия эли Режеп Тайип Эрдогандын кайра президент болуп шайланышын кандай кабыл алды?

--Сиз, Түркиядагы шайлоого тыкыр көзөмөл кылып турганыңыз үчүн чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Бул өткөрүлгөн президенттик жана парламенттик шайлоо бүтүндөй Түрк дүйнөсү жана Анкара  үчүн ошондой эле Ислам ааламы үчүн чоң мааниге ээ десем жаңылышпаймын. Мындан тышкары бүткүл дүйнөдөгү кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан адамдар үчүн дагы өзгөчө мааниге ээ деп эсептеймин. Баарыңыздарга белгилүү болгондой "дүйнөдөгү адамзатын коргоймун", деп түзүлгөн Бириккен Улуттар уюму бар эмеспи. Ошол уюмдун 5 мүчөдөн турган коопсуздук кеңеши бар. Тилекке каршы, ошол коопсуздук кеңешиндеги 5 мүчө дүйнөдө болуп жаткан согуштарды токтото албай жатышат. Кичинекей балдарды бомба снаряддар менен жардырып, өлтүрүп жатканына көңүл бурбай жатышат. 

Билсеңиздер керек, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында Эрдоган мырза: Бүткүл дүйнө чоңбу же ушул коопсуздук Кеңешиндеги 5 эле мүчө чоңураакпы? - деп айтканы бар. Андыктан Эрдоган мырза бүткүл ааламдын тынчтыгын көздөгөн инсан. Бул мисалдардын айтып атканымдын себеби биздин элибиз так ушундай чыгаан мамлекет башчыны шайлап алды.   

Жердин үстүндө жашап келе жаткан, тайманбаган, дүйнөдө тынчтыкты жана ынтымакты сүйгөн бир эле адам бар. Анын аты-жөнү – Режеп Тайип Эрдоган.    

Анадолуда жашап жаткан эл кайра өзү кыялданган ийгиликке жетиш үчүн мурдагы президенттин азыр кайра шайлап алды.

Дүйнөдө айрым өнүккөн демоктратиялык өлкөлөр бар, шайлоолорго катышып добуш берген шайлоочулардын санын салыштырсак элдин шайлоого катышкан саны -40 же 50% . Түркияда шайлоого катышкан элдердин сандык көрсөткүчү -90 %га жетти. Режеп Тайип Эрдоган мырзанын каршылаштарынын добушу -47, 5% болсо, Эрдоган мырза жалгыз 52, 5 % сандык көрсөткүч менен алдыга озду.  Бүл көрүнүштү саясый жактан карап көрө турган болсок эң жакшы жыйынтык. Жогорудагыдай жыйынтык менен биз өтө кубанычтабыз.

--Сиз Түркия президенти Эрдогандын жакын кеңешчиси болот экенсиз. Өткөн жылы бул кишинин атайын жыйынына катышып келгенбиз. Режеп Тайип Эрдоган, бир карасаң – жолборс сүрдүү, бир карасаң  - карышкыр мүнөз, бир карасаң эле бүркүт сыяктуу кайкып учуп олжо туткусу келген кишидей көрүнүп, бир карасаң эле өтө боорукер адамдай көрүнөт экен. Сиз аны жакын билген киши катары Эрдоган мырзага кандай мүнөздөмө бере аласыз?

--Эрдоган өз элин, улутун укмуш сүйөт. Түрк элинин баалуулуктарын баалаган киши. Жакшы үй-бүлөнүн атасы. Ошол эле учурда ал – өз элинин кулу. Өзүнчө эч кимде жок өзгөчө кыялдары бар. Ал киши жалгыз гана өзүнүн эли эмес, бүткүл Ислам ааламы алкагын ойлонуп жүргөн адам. Ал эч качан өзүнү кара жанын ойлобогон, баардык чөйрөсүндө жакшы адамдар курчаган, эли үчүн жан үрөп жашап келген инсан. Эрдоган мырзанын колдооочулары - 1 млрд 700 млн адамды түзөт деп айтсак болот. Так ошол 1 млрд 700 млн адамдын Режеп Тайип Эрдоганга батасы тийип, кайрадан президент болду.

--Баса, шайлоого дүйнөлүк абройлуу ММКлар катышты, алар кандай баа берип жатышат?

--Дагы кайталап айтам, демократиялык принциптерди туу тутуп келе жаткан өлкөлөрдө уюштурулган 13 шайлоодо утушка жетиш бул чанда кезиге турган көрүнүш. Бул шайлоодо Европа биримдигине мүчө болгон өлкөлөр, өлкө ичиндеги оппозицияны колдоп бергенине карабастан жеңишке жетти. Тышкы күч жергилктүү оппозицияга, баардык шарттарды митинг, демонстарцияларды уюштуруп беришти. Баары бир аягында оппозиция шайлоо жыйынтыктарына макул экенин жарыялады. Дүйнөлүк деңгээлде демократия деген калыптанып калган өлкөлөрдө дагы мындай көрүнүш кезикпейт деп эсептесек болот. Ошондуктан Германия, АКШ, Франция, Англия бул шайлоонун жыйынтыгына өзгөчө баа берсе болот. Тыштан оппозицияга абдан чоң колдоо келгенине карабастан Режеп Тайип Эрдоган ийгиликке жетип, шайлоодон утуп чыкты. Бул президенттик шайлоо аалам кулак түрдү. Дүйнө жүзүнө белгилүү эл аралык ММКлар Би-Би-Си, CNN, New-York timsга окшогон абройлуу маалымат каражаттары шайлоого катышты. Биз жеңишке жеттик.

--Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости