www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар ичинде криминалдык дүйнөдөгүлөр сыяктуу  кара пояс тагынгандар баалуу боло башташты. Себеби, депутаттарды каратэ боюнча кара поясы бар Дастан Жумабеков башкарат. Фракция жетекчилеринен, “Бир бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов учурунда Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун мурдун талкалап бокс боюнча кара пояс алса, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Жыргалбек Турускуловдун миашыкканы мурун каратэ болсо, азыр бодибилдинг, бокс жана футбол. Анын айтуусунда 140 килограмм штанганы ойноп көтөрүп койот.

СДПК фракциясынын депутаты, экс -милиция кызматкери, булбулдай сайраса парламенттеги бардык депутаттарын уктаткан Рыскелди Момбеков дзю-до боюнча кара пояска талапкер. Орусия президенти Владимир Путин менен дзю-до боюнча алышкысы келип жүрөт. Эгер дзю-до боюнча кара поясы бар Путинди жеңсе кара пояс алышы толук мүмкүн. Ал эми мурунку вице-спикер, азыркы “Биримдик” партиясынын лидерлеринин бири Төрөбай Зулпукаров самбо боюнча спорттун устаты, кара поястын ээси. Самбо боюнча кара поясы бар Монголиянын президенти аны менен жекеме-жеке чыгууга даяр. Андан калбай СДПК фракциясынын депутаты Өмүрбек Бакиров кикбоксинг жана дзю-до боюнча мөөрөй алдырбайт.

“Бир Бол” фракциясынын депутаты Исхак Пирматов самбо жана дзю-до боюнча алдына киши салбайт. Ушул эле фракциядан Бактыбек Турусбеков сүзө турган болсо акула, дельфиндер мындай калсын, ал Ысык-Көлдүн Күңгөй жээгинен Тескей жээгине 14 чакырым ойноп сүзүп барат. “Кыргызстан” фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров да дзю-до боюнча машыгып жүрөт.

“Өнүгүү –Прогресс” фракциясынын депутаты, дене тарбиясы институтун бүткөнү үчүн гана Илим жана билим министрлигинин жогорку сыйлыгы “Эл агартуу отличнигине” арзыган Тазабек Икрамов күрөш боюнча кара поястын  ээси. Ал чыгып алып тантырап, тили булдурап сүйлөгөнү менен килемдин үстүнөн спикердин да, Алтынбек Сулаймановдун да атасын таанытып койот. Азыркы түрмөнүн кожоюну, мурунку ИИМ министри Мелис Турганбаев күрөш боюнча ардагерлердин дүйнөлүк чемпионаттарына катышып коло медалын алып  жүрөт.  

Үч чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, экс-акыйкатчы, Баткендеги оор кырдаалдарда көз ирмебестен моджахеддердин уюгуна, Пакистанга барып япондуктар менен генерал Шамкеевди ажалдан сактап, мурдунан сүйрөп азаттыка алып келген Турсунбай Бакир уулу бильярддын мыкты чебери, ал 2013-2016- жылдары бильярд боюнча Федерациянын президенти болуп келген. Учурунда бир нече жолу көз ирмебестен Акаевге каршы президентке талапкер болгон.

Бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинде Данияр Тербишалиев бокс, джиу-джитсу боюнча  машыгат. Ал Азия биринчилиги боюнча эл аралык Бириккен Араб Эмираттарына барып джиу-джитсу боюнча биринчи орунду алып келген. Экс-депутат Жыргалбек Саматов учурунда Өзбекстан, Тажикстандан 50 миң киши чакырып той берип, көк бөрү уюштурган, Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев экөө Көк-Бөрү дегенде көңтөрүлүп кетишет.

Боксер фракция жетекчиси Алтынбек Сулайманов саясатка Икрам Илмиянов сыяктуу  Рустам Мамановдун шопуру болуп жүрүп аралашкан. Рустам Маманов эки жылдан бери камакта, Сулайманов “Бир бол” фракциясынын жетекчиси экенин унутуп калып, учурда депутат Жээнбековдун артынан ийиктей чимирилип жүрөт. Балким, депутатка “телохранитель” же шопур болгусу келип жүргөндүр?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости