www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Польшада жумушка орноштурам деп шаардык тургундан 800 доллар алып качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралууу Биринчи Май райондук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга И.Э. атту жаран арыз менен кайрылган. Ал “Арай-Глобал” компаниясына карата чара көрүүнү суранган. Компаниянын кызматкерлери Польшанын визасын алып берүүнү жана жумушка орноштурууну убадалашып, алдын ала 800 доллар акы алышкан. Андан кийин изин жашырып кетишкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Көз боёмочулук” беренеси боюнча катталды. Кылмышка шектүү катары 35 жаштагы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости