www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латын Америкасында денге илдети күч алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,  аталган оорудан Боливияда акыркы жумада эле кеминде 10 киши каза болуп, 10 миңге чукул киши денге илдетине  чалдыкканы кабарланды. Дарыгерлер абалды өтө олуттуу деп мүнөздөп жатышат.

Боливиянын бийлиги дарыгерлерге  жардамга аскерлерди тартты. Алар айыл жергесиндеги жана чоң шаарлардын четиндеги турак жайларга чымын-чиркейге каршы заттарды чачып жатышат.

Адистер эпидемия дагы үч айга созулуп кетиши ыктымал дешет. Себеби, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул ооруну адам баласынын ден соолугуна кооптуу 10 негизги глобалдык коркунучтардын тизмесине киргизген. Ооруга каршы атайын дары - дармек жок.

Эске салсак, ооруну арбовирустар козгоп, чиркейлер ташыйт. Оорунун  белгилери сасык тумоого окшоп кетет. Адамдын башы, булчуңдары, муундары ооруйт. Оор формасы өлүмгө жеткирет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости