www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарын айланып өтчү акы төлөп өтүүчү жол куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстанга транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев маалымдады.
Анын айтымына караганда, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси эми иштелип жаткандыктан, ага кетчү каражат жана жолдун узундугу боюнча бир нерсе айтууга эрте.
Жолду курууга инвестордун акчасы жумшалары жана ал аркылуу жүрөм дегендер акы төлөй турганы белгилүү.
"Өзгөндү аралап жүрүп көрсөңөр ал жакта жол тыгыны Бишкектегиден дагы көбүрөөк. Кыскасы, суроо-талап бар. Ошондуктан шаарды айланып өтмө жол курууну пландап жатабыз", — деди ал.
Инвестор издөө, жолду куруу жана ишке берүүгө болжолдуу 2-3 жылдай убакыт керектигин кошумчалады Бердалиев.
Булак:NazarNews.kg