www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында 10 күндүн ичинде убактылуу оорукана курулуп бүткөн.

Курулуш иштери 24-январда башталып, 2-февралда аягына чыкты.Технологиясы SARS эпидемиясы чыккан 2003-жылы эле иштелип чыккан.

Жаңы оорукана бир имаратка бириктирилген ири көлөмдөгү модулдардан турат. Объект 1000 бейтапты кабыл ала алат.

5-февралда 1 600 адамды сыйдыра алган экинчи оорукана колдонууга берилмекчи.

Аталлган оорукана 2019-жылы декабрь айында чыкка коронавирус оорусу менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн салынды.

Акыркы маалыматка таянсак, коронавирус оорусунан каза болгондорду саны 425 жетип, ооругандардын саны 20 миңге жетти. Ошондой эле, Кытайдан тышкары коронавирус 20 өлкөгө тарап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости