www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен чыгашасынын дал келүүсүн көзөмөлдөй турган атайын орган түзүлөт. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев окумуштуулар, өнөр-жай жана изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчы кирешелери менен чыгашалары дал келбеген аткаминерлер мыйзам алдында жооп бериши керектигин белгиледи.

- Жаңы түзүлө турган антикоррупциялык орган аткаминерлердин кандай үйдө жашап жаткандыгын, айдаган автоунаалары менен балдарынын окуган жерлерин аныктоо аркылуу коррупциялык факторлорго баа берет. Эми ар бир жетекчи суроолорго жооп берет, — деди Мирзиёев.

Өткөн жылы күзүндө 2020-жылдын 1-январынан тарта акырындык менен мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн, кирешесин жана чыгашасын декларациялоо системасын киргизүү тууралуу президенттин токтом долбоору жарыяланган.

Азырынча бул документ кабыл алына элек.

Последние новости