www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ташкент шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен КР жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосу билдирди.
Маалыматка ылайык, Америкалык тараптын жогоруда айтылган чечими түздөн-түз Кыргызстан жарандарынын кызыкчылыгын козгоп жаткандыгын министр Айдарбеков дагы бир ирет баса белгилеген.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ бийлиги жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жатканы айтылган. Тизмеге Кыргызстандан башка Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея өлкөлөрү да кирген.
АКШнын виза берүүнү чектеши боюнча ТИМ билдирүү таратып, Кыргызстандын кызыкчылыгын четке каккан АКШ администрациясынын чечимин өкүнүү менен кабыл алганын билдирген.
"Биометрикалык паспорттор киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарап таң калуусун билдирди. Бул Кыргызстанда ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт", - деп айтылат маалыматта.
АКШ мамкатчысы менен жолугуп жатканда министр Айдарбеков Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыздоо боюнча процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналарын, терроризм менен күрөшүүгө өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келгендигин жана кошуп жаткандыгын баса белгилеген.
Булак: NazarNews.kg