www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Киевде Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен жолукту. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.
Зеленский сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында жолугушууда башка маселелер менен катар Орусиянын Крымды аннексиялап алышы жана Донбасстагы жаңжал талкууланганын билдирди. Украин лидери бул маселеде Киевдин позициясын колдогондугу үчүн Анкарага ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары ал Сирияда алты түркиялык жоокердин курман болгондугуна байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты.
Зеленскийдин айтымында, Түркия Орусияда кармалып турган украин жарандарын, анын ичинде крымдык татарларды бошотууга жардам берүү ниетин билдирди.
Өз кезегинде Эрдоган Түркия Крымды Орусияныкы деп эсептебестигин, Москванын жарым аралдагы аракетин аннексия деп баалай турганын билдирди.
Эрдогандын бул сапары Сириядагы окуяларга байланыштуу Түркия менен Орусиянын мамилеси курчуп турган маалга туш келди. Өткөн жумада түрк бийлиги Орусия колдогон Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлибдеги куралдуу оппозицияга чабуул жасаганын, Москва аны токтотпогонун билдирген. Ал чабуулдун жүрүшүндө көзөмөл бекеттеги түрк жоокерлери мерт болгон. Анда Эрдоган Түркия жооптуу чараларды көрүүгө даяр экенин эскерткен.
Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Эл аралык коомчулук жарым аралды Украинага таандык деп эсептейт. Мындан тышкары Москва Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышта жикчилдерди колдоп келет. 2014-жылдын апрель айынан бери андагы кагылышуулардан жалпысынан 13 миңден ашык адам мерт болду.
Булак: NazarNews.kg