www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” партиясы “Инновациялык реформалардын мезгили” деп аталган стратегиялык программасынын бет ачарын “Жаңы форматтагы лидерлер” форумунда сунуштады. Ага белгилүү эксперттер, саясат таануучулар, өлкөнүн илимий жана маданий интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.

Программанын кыскача мазмуну:

ЭКОНОМИКА ҮЧИЛТИГИ: ИШКЕРЛИК, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА ТУРИЗМ

Салык киреше эмес чыгашанын негизинде алынат 

Жылдык айлануусу 8 млн сомго чейинки чакан ишканалар салыктан жана патенттен бошотулат

5000 жашоочусу бар айылдарда инвестициялык климат түзүп, инвесторлор 5 жыл салык төлөбөйт

Отчет берүү жөнөкөй болот

Текшерүү органдарынын санын кыскартылат

Салык жана бажы иштери санариптештирилип, кызмат 90 секундда көрсөтүлөт

Аэропорттор мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнө өткөрүлөт

Отель, конок үй жана хостелдердин кыймылсыз мүлк салыгы кыскартылат

Инфраструктура “Даараткана төңкөрүшүнөн” баштап өнүктүрүлөт 

БИЙЛИК ЖАНА БЮДЖЕТТИ БАШКАРУУ АЙМАКТАРГА БЕРИЛЕТ

Облустарды жоюп, райондор ирилештирилип, жергиликтүү бийлик айылдык кеңеш шайлаган аймак башчысына берилет

Аймактар өздөрүнүн билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча бюджеттерин түзө алышат

Аймактар салыкты өздөрү чогултуп, жергиликтүү бюджет 12%дан 50%га чейин жогорулайт

Жергиликтүү бийлик өз алдынча инвестициялык тендер өткөрүүгө укуктуу

Шайлоочу партияны эле эмес, андагы талапкерлердин бирин тандоого укуктуу

Мамлекеттик кызматтарга ачык сынак жарыяланат

Мамлекеттик кызматтардын 70%ы онлайн жүргүзүлөт

Мамлекеттик чыгымдар “Ачык өкмөт” платформасы аркылуу көзөмөлдөнөт 

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЖАҢЫ ЫКМАЛАР

Мугалимдердин жана окутуучулардын айлыгы жана коомдогу орду жогорулайт

Ваучердик система: ар бир окуучу же студент билим алууга керек акчаны ваучер түрүндө алып, каалаган мектепти жана университетти тандайт. Окуу жайлар ваучер топтоо үчүн билим берүү сапатын жакшыртууга мажбур болушат.

1-класстан баштап программалоо жана англис тили сабактары киргизилет

Мектеп директорлорун ата-энелер жана мугалимдер тандашат

Өлкөдөгү бардык мектептер интернет, канализация жана ысык суу менен камсыздалат

Маданиятка мамлекеттик-өнөктөштүк аркылуу инвестиция тартылат.

Маданий элита жандандырылат

САЛАМАТТЫК САКТОО: БЕКЕР ДАРЫЛАНУУ

Дарыгерлердин айлыгын жана социалдык пакетти 2 эсеге көбөйтүлүп, коррупция жоюлат

Ойкелди дары жазуу жоюлуп, электрондук рецепт киргизилет

Теория менен практиканы айкалыштыруу үчүн университтердин алдында клиникалар түзүлөт

Дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын Бирдиктүү санариптик платформасы түзүлүп, алып-сатарлар арасындагы башаламандык жоюлат.

Бейтапканаларын үчтөн бири адилет атаандаштыктын негизинде менчик секторго өткөрүлөт. Дарыланууну каалагандар мамлекеттен ваучер (каражат) алып каалаган жеке дарыканага кайрыла алышат 

ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ АРКЫЛУУ ЭКОЛОГИЯНЫ САКТОО

Желим баштыктарды сатууга тыюу салынат

Желим буюмдарды тапшырууга стимул берүүчү механизмдер иштелип чыгат.

Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк жолу менен таштандыларды кайра иштетүүчү заводдор курулат

Өндүрүштүн экологиялык жоопкерчилиги жогорулатылат

Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий жарыяланат.

Последние новости