www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
COVID-19 илдетин сасык тумоого көп салыштырышат. Сасык тумоо жана COVID-19: эки илдеттин окшоштуктары жана айырмасы кандай?
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки оору тең респиратордук жугуштуу илдеттердин катарына кирет. Бирок вирустук козгогучтар жана алардын таралышы жагынан бир канча айырмачылыктар бар.
Ага жараша коомдук саламаттык сактоо тарабынан аткарылышы керек болгон иш-чаралардын өзгөчөлүктөрү аныкталат.
СOVID-19 менен сасык тумоону козгогучтардын кандай окшоштуктары бар?
Биринчиден, COVID-19 менен сасык тумоо окшош клиникалык көрүнүшкө ээ. Тагыраак айтканда, эки вирус тең белгилери байкалбаган, жеңил, оор, ал тургай өлүмгө дуушар кылган респиратордук илдеттерди козгоочу болуп саналат.
Экинчиден, эки вирус тең аба тамчысы, адамдан адамга байланыш же буюм-тайым аркылуу адамдын организмине кирип, ооруну козгойт. Мындан улам коомдук саламаттык сактоо тарабынан эки илдетке каршы окшош талаптар коюлат. Мисалы: жеке гигиенаны сактоо, колду таза кармоо, респиратордук этикетти сактоо (жөтөлүп, чүчкүргөндө мурунду же оозду колдун чыканагы менен жабуу же бир жолу колдонулуучу нымдуу бет аарчы менен тосуу).
COVID-19 жана сасык тумоону козгогучтардын айырмасы эмнеде?
Эки илдетти козгогучтардын негизги айырмасы - инфекциянын бат тараганына байланыштуу. Сасык тумоонун орточо инкубациялык мөөнөтү (инфекцияга кабылып, оорунун белгилери байкалганга чейинки убакыт) жана генерация убагы (эки адам ортосундагы оору чыккан убакыт) аз. Адистердин баамына ылайык COVID 19 илдетинин генерация убагы 5-6 күнгө созулат. Сасык тумоо 3 күндүн ичинде байкалат. Демек, сасык тумоо COVID 19га салыштырмалуу бат тарайт.
Мындан тышкары, сасык тумоонун жайылышында маанилүү элементи болуп оорунун алгачкы 3-5 күнү болуп эсептелет. Бул нерсе оорунун белгилери пайда болгонго чейинки мөөнөт аралыгы, башкача айтканда, оорунун белгилери пайда болгонго чейин бейтаптын илдети жугушту болот. Башка жагынан алганда, айрым COVID-19 менен ооруган бейтаптар, оорунун белгилери 24-48 саат башталаардан мурун, вирусту сыртка бөлүп чыгарып башкаларга жуктурушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтар бар болсо дагы, учурда илдеттин жайылышында мындай нерсе маанилүү ролду ойнобойт.
Акыркы маалыматтарга ылайык, COVID 19 илдетине кабылган 10 бейтап 20-25 кишиге оору жуктурушу мүмкүн экени болжолдонууда. Бул сасык тумоого салыштырмалуу көп. Бирок, COVID-19 менен сасык тумоонун козгогучтарынын өзгөчөлүктөрүнө конкреттүү жагдайга жана убакытка жараша баа берилет. Мындан улам экөөнү түз салыштыруу дайыма эле туура боло бербейт.
Сасык тумоону калкка жуктурууда балдардын салымы өтө чоң роль ойнойт. Алдын ала маалыматтарга ылайык, COVID-19 илдетине балдар чоңдорго караганда аз кабылат: 0-19 жаш курагында балдар арасында оорулуулардын көрсөткүчү өтө төмөн болуп саналат.
Сасык тумоо менен ооруп калуу тобокелчилиги жогору тобуна – балдар, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар, өнөкөт оорусу бар жана иммунитети начар адамдар кирет. COVID-19да, учурдагы маалыматка ылайык, илдет оорлошуп кеткенге жашы өткөн жана өнөкөт оорулары бар адамдар болуп эсептелет.
Булак: NazarNews.kg