www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” партиясы “сервистик өкмөт” моделин сунуштоодо

“Калктын ишенимине ээ болбой туруп күчтүү жана туруктуу мамлекет куруу мүмкүн эмес”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Алай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Айтымында, муну мамлекеттик кызматтардын учурдагы абалы айгинелеп турат.

“Эгерде мамлекет ар бир адамдын муктаждыктарын канааттандырууну ойлосо, анда анын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Азыр мамлекет жарандардын кайрылуулары боюнча сылык жана тез иштей алат деп элестетүү кыйын. Бирок өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө мамлекет коомго керектүү кызматтарды көрсөтүү менен, коомдун жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат. Кызматташуунун бул модели сервистик мамлекет деп аталат”, - деди партия лидери.

Алтынбек Сулайманов “Бир Бол” партиясы өз программасында сервистик өкмөт моделине өтүүнү сунуштаганын кошумчалады.

“Ал программада бардык мамлекеттик кызматтар автоматташтырылат жана санариптештирилет, документтер электрондук форматка өткөрүлөт. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекетти кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү аркылуу бюджеттик каражаттардын 10-50%ын үнөмдөөгө мүмкүн. Ошондой эле бул коррупцияны, бюрократияны жана ашыкча көзөмөлдү кыскартат”, - деди ал.

Бүгүн, 16-сентябрда “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Куштарбек Оморов Алай районунун эли менен жолугушуу өткөрүп, партиянын программасын элге тааныштырышты.

Последние новости