www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү блогер Илья Варламовдун Бишкек шаары жөнүндө видео отчетун шаардык бийлик өкүлдөрү кандай кабыл алгандыгын мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берди.

Мурдарак Бишкекти көрүп, ал жөнүндө айткан коноктун пикирине муниципалитеттегилер таарынышпайт деп эсептейт Алмамбетова.

«Илья Варламов 2010-жылы Бишкек шаары урандыга айланганда келген. Өзү билими боюнча коомдук имараттардын архитектору жана кайда гана барбасын, постсоветтик мейкиндикте сакталып кала турган жыргалчылыктарды издейт. Бишкекте ал бардык нерсени көрүү үчүн өтө кыска убакыт гана жүрдү. Ал мэр Азиз Суракматов менен 5 саат бою отуруп, биздин пландарыбызды, идеяларыбызды, паркты реконструкциялоону угуп, абдан жактырды. Демек, биз таарынган жокпуз», – деди шаар башчысынын кеңешчиси.

“Илья Варламовдон чыккан терс көрүнүш – толугу менен нормалдуу нерсе. Бул анын наны. Эгер негатив жазбаса, башка шаарга чакыруу ала албайт”,- деп белгилейт Гуля Алмамбетова. 

Эске салсак, орусиялык журналист Бишкекке 2-сентябрда келген. Ал дароо борбор калаадагы сапатсыз жолдорго көңүл бурган.

Илья Варламов “Бишкек шаарынын бийлиги адамдарды ушунчалык жактырбайт, алар шаарды бир чоң жарнакка айлантып, жолдорду талкалап салышкан” деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости