www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Греция бет каптан куржалак калдыбы?

Грек өкмөтүнүн мектептерди акысыз бет кап менен камсыздандыруу тилегин таш капты. Жөнөтүлгөн бет каптар туура эмес өлчөмдө тигилгенинен улам окуучулар эле эмес, чоңдор дагы бет каптан куржалак калышты. Бул тууралуу milliyet.com.tr жазган.

Грек өкмөтү бул апта окуучулар үчүн акысыз бериле турган бет кап боюнча терс жыйынтыкты моюнга алды. 500 миң бет кап тигүү үчүн тендерди жеңип алган компаниянын расмий өкүлү Йианис Статопулос Open TV каналына берген маегинде: “Бет каптын өлчөмү башында эле ушундай чоң болчу”, - деп катаны моюнга алып, бет каптын 10 жаштан кичине балдарга 10x18 см, андан чоңдорго 12x22 см өлчөмүндө тигилгенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Вассилис Контозаманис бул абалды өкмөт менен фирманын ортосундагы түшүнбөстүккө байланыштырып, өлчөмдөр мурда даярдалган кездемелер үчүн берилгенин айтты. Бирок, өкмөт менен компания балдар үчүн эле эмес бардыгы үчүн чоң келген бет каптын эмнеге мурда эле тигилгени тууралуу суроолорду жоопсуз калтырышты.

Компаниянын өкүлү Статопулос техникалык мүнөздөмөнү Греция өкмөтүнө караштуу коронавирус боюнча эксперттер комитети тарабынан  берилгенин билдирген. Бет кап маселеси Грециянын премьер-министринин карындашы Дора Бакояннистин дагы көңүлүн буруп, окуяга байланыштуу: “Өтө жаман жыйынтык” деп сындады. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул абалдын тез аранын ичинде жөнгө салынаарын убада кылды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости