www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында дүйнө салды. 

Маркумдун жакындарынын айтымында, Тагаев көптөн бери ооруп жүргөн. Жакында эле ооруканадан чыгарылып, үйүндө төшөктө жатканы кошумчаланды.

Улуу композитордун сөөгү, 18-сентябрь күнү Бишкекте «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Тагаев Калыйбек Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде жарыкка келген. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган.

Белгилей кетсек, элине эмгеги сиңген улуу композитор, мажордук музыканын атасы атыккан Тагаев 120дан ашык обондун автору. Анын "Ат-Башым", "Элмира", "Долон", "Ак куулар Көлдө термелет", "Назгүлүм" баштаган чыгармалары классикага айланып, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан. 60ка жакын обону Кыргыз радиосунун "Алтын казынасына" жазылып алынган. Ал эми 1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, беш жылдан кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости