www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын программаларын талдаган “Шайлоочунун компасы” аттуу онлайн система иштей баштады. Ага ар бир партия тууралуу маалымат киргизилген.

Аны ишке ашырып жаткан “Политмер” сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева маалыматтар шайлоодон кийин да сакталарын, жарандар каалаган учурда аны окуп, депутаттардын убадаларын эске салып турса болорун билдирди. Долбоорду "Сорос-Кыргызстан" фонду колдогон.

Ошондой эле билим берүү, коррупцияга каршы күрөш, ички жана тышкы саясат, адам укугу, экономика жана башка багыттар боюнча убадалар, пландар өз-өзүнчө бөлүнгөн.

Каалочулар каалаган партиянын программасын же кайсыл бир багыттагы планын билгиси келсе, узун тексттин арасынан издеп отурбай, дароо тапкыдай ыңгайлуу жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости