www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзиянын Джохор штатында Закридз Родзи аттуу жигиттин жоголуп, эртеси табылган уюлдук телефонунан маймылдын селфи жана видеолору чыкты. Бул тууралуу ВВС маалымат булагы жазган.

Закридз Родзи маймылдын телефонду жегенге аракыт кылып жатып тарткан көрүнүштөрүн Twitter баракчасына бөлүшкөн.

20 жаштагы компьютердик инженерия бөлүмүнүн студенти Закридз окуя тууралуу: “Эч кандай ууру болушу мүмкүн эмес болчу. Карасам эле телефонум жок”, - деди.

Эртеси күнү токойдогу үндү угуп, телефонун пальмалардын арасынан тапкан студент агасынын: “Уурунун сүрөтү жок бекен, телефондо” деген тамаша сөзүнөн улам сүрөттөргө кирсе эле толтура маймылдын сүрөттөрү жана видеолору чыккан. Сүрөт жана видеолор ишемби күнү саат 14:00 кийин тартылганы билинди.

Маймылдын үйгө бир тууганынын бөлмөсүндөгү ачык терезеден киргенин божомолдогон Закридз: “Айрым аймактарга салыштырмалуу биз жактагы маймылдар эч нерсе уурдашчу эмес. Бул кылымда бир болот”, - дейт.

Учурда бул сүрөттөр көп киши тарабынан жактырылып, Малайзия маалымат булактарында байма-бай бөлүшүлүүдө.

 

Something yang korang takkan jumpa setiap abad. Semalam pagi tido bangun bangun tengahari phone hilang. Cari cari satu rumah geledah sana sini semua takde then last last jumpa casing phone je tinggal bawah katil tapi phonenya takde. Sambung bawah. pic.twitter.com/0x54giujnY

— z (@Zackrydz) September 13, 2020

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости