www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» -деп классик акын Жолон Мамытов таамай белгилеген. «Коррупционер өңү Жапаровдун өңүндөйбү» деген ой туулат, атасы казына таштап кетпеген Жапаров политехти бүтүп алып улам-улам минфин болуп, миллионерге айланды. Себеби ким бийликте турса ошонун партиясына махабатын арнап жүрүп, ХИПК сыяктуу элге каршы программаларды колдоп, бир тыйын дегенде тоголонуп жүрдү. Сөзүбүз кур болбосун үчүн фактыга келели. СДПК партиясында штаб башчысы болгон. Андан «Жаңы Кыргызстанга» секирди, аны сатып «Ак Жолго» кирип, бир саат болсо да премьер-министр болду. Таластын кыраандары «эмдеп» койолу деди эле, жоолук салынып алып катынча качып «эмделбей» калды. Иниси чала-була «эмделип» анысын акча менен сатып алды. Түз эле Куловдун «Ар-Намыс» партиясына кирип, Атамбаевдин убагында экинчи ирет минфин болгон.Эл артка кетти, Жапаров өз акчасын көбөйтө баштады. Мугалим, доктурлардын айлыгын бир тыйынга да көтөргөн жок. «Ар-Намыстын»  иши бүтөрүн келемиштей сезип «Бир болго» өткөн. «Бир болду» сызга отургузуп 2020-жылы «Мекеним Кыргызстанга» сызайын деди эле алар жолотпой койду. Эми чычкан аңдыган мышыктай бийликти мыкчып турган «доссекретарь» Ташиевдин «Ата-Журт» партиясынан көзү өтүп тургансыйт.

Жапаров учурунда мурдунан жетелеп көтөргөндөрдү Кумтөр боюнча жамандаганы үчүн кечирим сурай элек. Анткени, бийлик аламаша элек.  Бийлик алмашар менен Жапаров өңүн «хамалеондой» өзгөртөт да чөгөлөп барынан кечирим сурары бышык. Акаевдин эң чоң кемчилигинин сырын Акылбек Жапаров эмес, «Центерранын» көп жылдар «кудайы» болуп жүргөн Хоменюк ачкан. Ал Акаев 200 млн доллардан Кумтөрдөн салык алып турчу деген билдирүү жасаган. Хоменюктун билдирүүсүнөн улам ошол кездеги президент  2017-жылдын 24-июлунда журналисттер менен жолугушууда, «Кумтөр» долбоорунда биздики 67% болгон, кийин 16% болуп калды. Мен жеке өзүм эч качан кечирбеймин...» деген.

Аскар Акаев 2003-жылы анын бийлиги учурунда Акылбек Жапаров дагы «Кумтөр» боюнча мамкомиссияда болгонун белгилеген. Ошондой эле, документке кол коюуда Жапаров чоң ролду ойногон.Бирок эмнегедир сүттөн аппак болуп чыга келди да, башкаларды шыбай баштады. 

«2003-жылы мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын негизги мүчөсүнүн бири ошол Жапаров болгон, Жогорку Кеңештин депутаты катары. Ал ошол комиссияда толук иштеп, Канаданын Торонто шаарына барып, “Камеконун” штаб-квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип, анан өтө мактаган: “Камеко” өтө бай тажрыйбасы бар, татыктуу компания экен. Келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга толук жооп берет деп өзү мактап, колдоп берген ошол 2003-жылы. Ошонун негизинде Танаев премьер-министр катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан болчу. Ошондо Жапаров кемчилик тууралуу эч жерде ачык айткан эмес», — деген мурдагы президент Акаев.

Жапаров жөн калган жок, жооп берди: «Чындыгында, дал ошол Аскар Акаев бир кезде мамлекеттик органдардын башчыларын "Камеко" компаниясы менен таптакыр пайдасыз келишимге кол коюуга мажбурлаган. Дал ошонун көрсөтмөсү боюнча кийинчерээк кен дээрлик “Центерранын” көзөмөлүнө өтүп кеткен», — деп жазган ал.

Аны менен катар, экономика министри Аскар Акаевдин «Кумтөр» иши боюнча «Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр» деген айыптоосуна Торонтого анын уулу Айдар Акаев барган деп жооп берди.

«Мен Кумтөр боюнча бир да чечим кабыл алган эмесмин, бир дагы келишимге кол койгон эмесмин. Торонтого “Кумтөр” маселеси боюнча эч кандай жеке топтун, делегациянын же комиссиянын курамында барган эмесмин. Керек болсо, Торонтого Акаевдин уулу Айдар барган», — деп жазган Жапаров.

Ошондой эле, Кумтөр кенинин айласындагы «коррупциянын башаты Акаев экенин» баса белгилеген.

«Акаев мырза, өзүн акташ үчүн абдан аракет кылып жатып, Кумтөр боюнча коррупциялык жана криминалдык келишимдин башатында өзүнөн башка эч ким турбаганын такыр унутуп койду. Бирок, фактылар менен цифраларга Акаев мырзанын башы чаташып жатканы анык», — деди ал.

Аскар Акаев Хоменюк аны 200 млн доллар алчу деген билдирүүдөн соң алты жылдан кийин ойгонуп маалымат беттерине минтип жарыялаган:

«Айдар Акаев уулум 10 млн доллар, дагы бирөө 50 млн доллар алыптыр дегендей божомол, айтылган мифтер да. Мобул Акылбек Жапаровду Кудай урат, көрдө жаткан Николай Танаевге асылып жүрөт. Азыр да мага асыла баштады. Бул жакшы көрүнүш эмес... Менин эң чоң күнөөм, Кыргызстандын жаңы тарыхында Бирнштейн сыяктуу инвесторду таптым. Канада өкмөтүнүн страховкасын алдым, ,,Кумтөр" алтын кенин кыргыз элине иштетип бергеним болду».

Чынында Бирнштейн менен Хоменюк кыргыз элине эмне жакшылык кылды?

«Камеко», «Центерранын» мурдагы жетекчиси Хоменюк Акаевди ачык күнөөлөсө дагы, жөндөн-жөн эле канадалык компанияга «Кыргызалтындын» эсебинен 200 миллион доллар которулуп жатса да Атамбаевдик бийлик, ага адилеттүү мамиле жасап, кылмыш ишин аягына чыгарууга батынбады. Акаевдин колдоосу менен алтын ылгоочу комбинаттын долбоордо каралган баадан кымбат курулушу, төлөнбөй келген салыктар, жумушчулардын өндүрүш процессиндеги өлүмү, Барскоон трагедиясы жана башка мыйзам бузуулар Лен Хоменюк «Камеко», «Центерра голд» компанияларында жетекчилик кызматты аркалап турганда болгон. Ал мыйзам бузуулар боюнча бир жолу дагы жоопко тартылган жок. Бардык учурда «суудан кургак» чыгып жүрдү.

Эми Хоменюктун билдирүүсүнө келели. Хоменюк билдирүүсүндө тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин айткан. 2015-жылы 21-октябрь айында ал Кыргызстандын прокуратурасынан, тергөө органдарынан качпай тургандыгын билдирген: «В марте этого года я отправил в Кыргызстан письмо, в котором указал, что могу встретиться с ними в любое время и ответить на все вопросы. Я написал, что могу объяснить все детали соглашения, о которых знаю. Генеральная прокуратура Кыргызстана мне так и не ответила. Я могу и сейчас показать вам это письмо. Я не избегаю встречи, но только вне пределов Кыргызстана. Если надо, я могу прийти в Посольство Кыргызстана в США. Розыск через Интерпол по «красному циркуляру» говорит о том, что кыргызстанские следователи не знают место моего проживания. Я не прячусь, меня можно легко найти через Интернет».

Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» кениндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачып, кыргыз эли үчүн адилеттүү чечимдин аягына жетип, тарыхта кала турган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган.

Анан дагы ушул маселеге улай айта кетүүчү нерсе, негизи башка мамлекеттерде деле бар «Центерранын» президенти Лен Хоменюк АКШнын Невада штатындагы «Рен» кенинин үлүшүн сатып жибергени – муну эл аралык деңгээлдеги олуттуу мыйзам бузуу болгон деп эсептесе болот. 2009-жылдагы Чудинов кол койгон келишимге ылайык, Кыргыз Өкмөтүнүн уруксаты жок «Центеррадагы» үлүштү сатууга Л. Хоменюктун акысы жок болчу. Тагыраагы 2010-жылдары эле «Centerra Gold Inc.» америкадагы REN (Невада) биргелешкен ишканасындагы Кыргыз Өкмөтүнүн 64 пайыз үлүшүн Homestake Mining Co компаниясына (дочерняя компания канадалык Barrick Gold компаниясынын туунду компаниясы) 35,2 миллион АКШ долларына сатып жиберген. Жыйынтыгында Homestake Mining РЕН долбоорунун акциясынын 100 пайыз ээси болуп калган. Мында Лен Хоменюктун ролу өтө өзгөчө. «Центерранын» ири акционелеринин бири болгон «Кыргызалтын» мында канча киреше тапты? Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугун алдыбы? Бул тууралуу бир дагы маалымат жок. Биздин Өкмөт Тышкы иштер министрлиги аркылуу Канаданын бийлигине нота жиберип, Лен Хоменюктун абийирин ачкан маалыматты беришкенде, анда ал өз өлкөсүндө тийиштүү жазасын алар беле?..

Канадалык мыйзам боюнча канадалык жаран үчүнчү жакта ишмердүүлүк жүргүзүп, ошол жактын мыйзамын одоно түрдө бузуп, коррупцияга малынса, өз өлкөсүндө катуу жазага тартылат. Канадалык ишкерлердин ишеничин актап, эбегейсиз чоң эмгек кылган Леонардо Хоменюкту Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу органына келген адамдар билбей калышы мүмкүн эмес. Кыргыздын «чоңдорунун» сырын Хоменюкчалык эч ким билбесе керек. Ал «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча келишимдердин шарттарын кайра кароо боюнча эки тараптуу маанилүү сүйлөшүүлөрдүн дээрлик бардыгына катышкан. Бардык учурда «Камеконун» пайдасына маселе чечилип келди. Кыргыздын мамлекет башчыларынын чалган «ботколорун» өзүнө жегизген, Президентти баш калып, Өкмөт башчысын төш кылып башын айландырган азамат дал ушул киши. Ал еврей шылуундардын тапшырмасын так аткарган бирден бир ишенген адиси.

2003-жылдагы «Центерра голд инк» компаниясына Кыргызстандын үлүшүн кошуудагы кыргыз Өкмөтү менен аферага байланышкан келишимдерди түзүүгө Лен Хоменюктун салымы өтө чоң болгон. Андан калса, коррупциянын чордонуна айланган саясый чөйрөнүн сырын билген Лен Хоменюк аялы экөө Кыргызстандагы коррупциялык схемаларды түзүүгө жетишкен.

Леонардо Хоменюк Канадада Украиналык иммигранттын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Centerra Gold, Kumtor Gold и Cameco Corporation компанияларында жетекчилик кызматты аркалап келди. 2004–2008-жылдары «Centerra Gold» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, башкы директору, президенти болуп иштеген. Эгерде анын кызмат орундарынын терең иликтей турган болсок, ал чет өлкөлүк компания үчүн өтө маанилүү тармактарды жетектеп келген.

1992–97-жылдары «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы жана президенти болуп туруп, «Кумтөр» алтын кенинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана комбинатты ишке киргизүүгө жооп берген. 1997–99-жылдары канадалык «Камеко Голд» компаниясынын аткаруучу вице-президенти, 1999-жылдан Президенти болгон. 2004-жылдан баштап Торонто шаарындагы фондулук биржага «Центерра Голд» компаниясынын баалуу кагаздарын чыгаруу иштерин колго алган. Мындан башка 2011–2014-жылдары Polygon Gold Inc компаниясында директорлор кеңешинин төрагасы, президенти жана башкы директору болуп иштеген.

Ошол учурда «Кумтөр» алтын кенинде иштеген канадалык компаниянын жетекчилиги кайсыл бир өзүнө жакын тараптарга төлөмдөрдү которуп, мына ушул «көмүскө» булактын эсебинен кирешенин бир бөлүгүн «кертип» калышчу. Муну кыргыз бийлиги билбей калышы мүмкүн эмес эле. Же болбосо сабатсыздыгынан, саткындыгынан ушундай иштерге жол берип келишкен. Бул коррупциялык схеманы ишке ашырууда, «Камеконун» башка чиновниктери сыяктуу эле, Хоменюктун аялы Марина Стивенс айым дагы күйөсүнө арка-жөлөк болуп, кыргыздын алтынынан көрсөтүп дагы, көрсөтпөй пайда көрүп келишкен.

Маселен, Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын маалыматына караганда, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жылдык отчетунда М. Стивенс айымга 2001-жылы – 138 миң АКШ долл., 2002-жылы – 331 миң АКШдолл., 2003-жылы – 508,0 миң АКШ долл. гонорар катары төлөнүп берилиптир. 2008-жылга чейин жалпы жонунан 1 миллиондон ашык доллар гонорар алыптыр.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы ошондогу Премьер-министр Ж. Сатыбалдиевдин колу коюлган №34 токтомдо, Л. Хоменюктун аялы М. Стивенс КОК, Камеконун, Центерранын консультанты катары 2002–

2004-жылдары 1,2 млн. АКШ долларын, андан кийин 2003–

2005-жылдары Центеррага кызмат көрсөтүп 1,4 млн. канада долларын алганын маалымдаган.

«Центерра голд» компаниясынын 2005-жылга карата жылдык отчетунда, компания Хоменюктун аялы М. Стивенс менен консалтингдик келишим түзгөнүн маалымдап, ушул келишимге ылайык, эл аралык чарбалык ишмердүүлүккө байланыштуу укуктук жана экономикалык маселелер боюнча тиешелүү консультациялык кызмат көрсөткөндүгү үчүн 200 миң канадалык доллар аларын билдирет. Ошондой эле директорлор кеңешинин тапшырмасы боюнча компанияга кошумча кызматы үчүн саатына 275 доллар алып турган экен. 2005-жылы М. Стивенс айым жалпы жонунан 589 455 канадалык доллар алганын билип коюу ашыкча болбос.

Канткен менен Хоменюк канадалыктарга опол тоодой эмгек кылып берди. Ошол эле учурда, Кыргызстандын мамлекет башчыларынын эки жүздүүлүгүнө чыдап тура албады окшойт. Себеби, бир күнү эле чак түштө түшкөн чагылгандай Кыргызстандын коопсуздук комитети «Камеко», «Кумтөр оперейтинг», «Кумтөр голд» компанияларын мурда башкарып келген АКШ менен Канаданын жараны Леонардо Хоменюктун арызын жарыялады. Анда Лен Хоменюк чет өлкөдө туруп алып, Акаев учурунда «Кыргызалтындан» мыйзамдуу жана мыйзамсыз жолдор аркылуу акча талап кылып турганын жар салган.

Мына ушул билдирүүдөн кийин, 2014-жылы Алмазбек Атамбаев Президент болуп турганда, Лен Хоменюкка коррупция беренеси боюнча күнөө коюп, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. 2014-жылдын 27-июлунда эл аралык издөөдө жүргөн Хоменюк Болгариянын чек арасынан өтүп баратканда кармалып, үй камагына алынган болчу. Болгариянын соту Кыргыз Өкмөтү Л. Хоменюкка кылмышка шектүү адам катары жетиштүү маалымат бербегенин билдирген. Андан кийин, аталган өлкөнүн Видин шаарынын округдук сотунун отурумунда Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда кылмышкерлерди берүү жөнүндө эки тараптуу макулдашуу жок экендигине таянып, Лен Хоменюкту экстрадициялоого каршы чечим чыгарган. Лен Хоменюкту издөө ошо менен токтогон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости